Садыр Жапаров Казакстандын премьер-министри Олжас Бектеновду кабыл алды

Олжас Бектенов Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин жылуу саламын айтып, суу ташкындарына байланыштуу жардам үчүн ыраазычылык билдирген.
Sputnik
БИШКЕК, 9-апр. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Кыргызстанга иш сапары менен келген Казакстандын премьер-министри Олжас Бектеновду кабыл алды. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди.
1 / 2

Президент Садыр Жапаров Кыргызстанга иш сапары менен келген Казакстандын премьер-министри Олжас Бектеновду кабыл алды

2 / 2

Жолугушууда алар эки өлкөнүн ортосундагы өз ара кызыкчылык туудурган саясий, соода-экономикалык, суу-энергетикалык жана башка тармактарда кызматташууну мындан ары кеңейтүү жана тереңдетүү жөнүндө пикир алышкан

Жолугушууда алар эки өлкөнүн ортосундагы өз ара кызыкчылык туудурган саясий, соода-экономикалык, суу-энергетикалык жана башка тармактарда кызматташууну мындан ары кеңейтүү жана тереңдетүү жөнүндө пикир алышкан.
"Эки тарап тең акыркы жылдары мамлекеттер ортосундагы товар жүгүртүүнүн ырааттуу өсүшүн баса белгилеп, биргелешкен инвестициялык жана өнөр жай долбоорлорун жүргүзүүнүн эсебинен өз ара сооданы 2 миллиард долларга жеткирүүгө мындан ары умтуларын, ага кызыкдар экендигин билдиришти", — деп жазылат маалыматта.
Жапаров сапардын жыйынтыгы жана өкмөттөрдүн биргелешкен иши эки тараптуу мамилелерди мындан ары да өнүктүрүүгө өбөлгө болот деген ишенимин айткан.
Бектенов Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин жылуу саламын айтып, суу ташкындарына байланыштуу жардам үчүн ыраазылык билдирген.
Кыргызстанга Казакстандын премьер-министри Олжас Бектенов келди