"Чек талап кылып, байге утуп ал!" лотереясынын 20 жеңүүчүсү табылбай жатат

20 жеңүүчүнүн номери "Салык чек" тиркемесинде туура эмес көрсөтүлгөн же жараксыз болгон.
Sputnik
БИШКЕК, 9-апр. — Sputnik. Салык кызматы "Чек талап кылып, байге утуп ал!" лотереясынын 20 жеңүүчүсүн издеп жатат.
Мекеменин маалымат кызматы билдиргендей, 2023-жылдын 25-30-декабрь аралыгында өткөн оюндун жеңүүчүлөрүнө байгесин тапшыруу уланууда. Учурда лотереянын 20 жеңүүчүсүнүн телефону өчүрүлүп же номерлери жараксыз ("Салык чек" тиркемесинде каттоодо туура эмес көрсөтүлгөн) болгондугунан улам байланышуу мүмкүн болбой жатканы айтылды.
Салык кызматы издеп жаткан жеңүүчүлөр:
Абакирова Айзат Абдирашитовна;
Кулбоев Умирзок Уролбой Угли;
Тынянова Татьяна Петровна;
Абакиров Бакытбек Жумагулович;
Айдаров Элдияр Омурбекович;
Акматбекова Мухабат Нурлановна;
Алайчиев Тимурлан Акылбекович;
Асанов Марсель Сапармаматович;
Жакшылыкова Хадича Нурбековна;
Жекшенбеков Максатбек Жекшенбекович;
Жумабаева Элиза Тилековна;
Курманбекова Айнура Курманбековна;
Мамбетов Каныбек Эдилбекович;
Оболбекова Жамыйкүл Арзымовна;
Садырбекова Айзат Садырбековна;
Туралыева Элина Канболотовна;
Эргешова Айтунук Мизамидиновна;
Баев Бактыбек Каныбекович;
Кабыланбек кызы Мадина;
Сидиков Алтынбек Абдуманапович.
Салык кызматы аталган жеңүүчүлөрдү (0500) 487962, (500) 743434, (990) 092042, (221) 804486 номерлери аркылуу байланышып 2-майга чейин байгелерин алып кетүүгө чакырууда.
1-майга чейин. Салык кызматы декларацияны өз убагында тапшырууну эскертти