ЛОР-дарыгерлер 7 баланын кулагына уникалдуу операция жасады

Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун ЛОР-дарыгерлери казакстандык кесиптештери менен уникалдуу операцияларды жасашты.
Sputnik
БИШКЕК, 9-апр. — Sputnik. ЛОР-дарыгерлер кийин пайда болгон жана тубаса оор патологиясы бар жети баланын кулагына операция жасады. Бул тууралуу Саламатык сактоо министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.
Билдирүүгө ылайык, аны Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун ЛОР-дарыгерлери казакстандык отохирург, профессор Айгүл Медеулова менен биргеликте ишке ашырышкан.
"Жалпысынан кийин пайда болгон жана тубаса оор патологиясы бар жети балага операция жасалды. Тимпанопластика, тубаса холеостотоманы алуу, ортоңку баш сөөк чуңкурчасынын мээ чел кабыгындагы кемтикти жабуу жана кулакты санитардык тазалоо боюнча операциялар жасалды", — деп айтылат маалыматта.
Балдардын абалы операциядан кийин туруктуу экени айтылып, алар үйлөрүнө чыгууга камданып жатышканы кошумчаланды.
Ашказан, жоон ичегиден кызыл өңгөч жасайбыз. Эндовидеохирургдун видеомаеги