БИШКЕК, 9-апр. — Sputnik. Дүйшөмбү, 8-апрелде, Улуттук банк валюта рыногунан 17,1 миллион доллар сатып алды.
Кечээ эртең мененкиге салыштырмалуу бүгүн доллардын сатуу курсу 3-4 тыйынга арзандаган.
Улуттук банк валютанын олку-солку болуусун текшилөө үчүн долларды сатуу жана сатып алуу менен алектенет.
Быйыл Улуттук банк төрт жолу интервенция жүргүздү:
2-февраль — 8,35 миллион доллар сатылды;
12-март — 23,5 миллион доллар сатылды;
27-март — 9 миллион сатып алынган (2022-жылдан бери биринчи сатып алуу);
8-апрель — 17,1 миллион доллар сатып алынган.