"Бейиш эненин таманында" тасмасы Россияда кеңири прокатка чыгат

Фильм Кыргызстандан тышкары Өзбекстанда, Казакстанда, Түркияда, Египетте жана Сауд Арабияда тартылган.
Sputnik
БИШКЕК, 9-апр. — Sputnik. Кыргыз киносунун тарыхында биринчи жолу Руслан Акун тарткан "Бейиш эненин таманында" тасмасы 11-апрелден тарта Россияда кеңири прокатка чыгат. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.
Ага ылайык, фильмди Голливуд тасмаларын "сүйлөткөн" россиялык саунд-актерлор коштогон.
Аталган кино психикалык өнүгүүсү артта калган 35 жаштагы адамдын жана анын 75теги апасынын Меккеге сапарын баяндайт. Тасма Кыргызстандан тышкары Өзбекстанда, Казакстанда, Түркияда, Египетте жана Сауд Араб өлкөсүндө тартылган.
Кино Казакстанда 21-мартта прокатка чыкса, Өзбекстанда 11-апрелде чыгат. Ошондой эле тасманы түрк жана араб тилдерине которуу пландалып жатканы кошумчаланды.
Радио
11-14-апрель күндөрү Бишкек жана Ошто орус кинофестивалы өтөт