Кыргызстанга Казакстандын премьер-министри Олжас Бектенов келди

Тараптар кыргыз-казак кызматташтыгын талкуулашат.
Sputnik
БИШКЕК, 9-апр. — Sputnik. Кыргызстанга Казакстандын премьер-министри Олжас Бектенов жумушчу сапары менен келди. Бул тууралуу министрлер кабинети билдирди.
Бектеновду "Манас" эл аралык аэропортунан өкмөт башчынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев тосуп алды.
"Сапардын алкагында Акылбек Жапаров менен Олжас Бектеновдун ортосунда сүйлөшүүлөр жүргүзүлөрү пландалууда. Тараптар кыргыз-казак кызматташтыгын талкуулашат", — деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, Олжас Бектеновдун өкмөтү февраль айынын башында куралган. Бул анын премьер-министр катары чет өлкөгө жасаган алгачкы жумушчу сапары.
Кыргызстан Казакстанга 300 тонна гумжардам жөнөттү