"Жашыл" электр станцияларын куруу үчүн 25 жылга ижарага жер алса болот

Энергияны кайра жаралуучу булактардан алууну өнүктүрүү максатында документ иштелип чыкканы айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 9-апр. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров энергиянын кайра жаралуучу булактары жаатындагы айрым чечимдерге өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча токтомго кол койду. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.
Ага ылайык, документ энергияны кайра жаралуучу булактардан алууну өнүктүрүү, ошондой эле жаңы кубаттуулуктарды ишке киргизүү максатында иштелип чыккан.
Эми кайра жаралуучу булактардан энергия алган станцияларын куруу үчүн жерди ижарага берүүнүн мөөнөтү 5 жылдан 25 жылга узарды.
Жер участогун алгандан кийин үч айдын ичинде кайра жаралуучу булактардан энергия алган станциянын долбоору даяр болбосо, алты айдын ичинде долбоорду ишке ашыруу үчүн алдын ала техникалык-экономикалык негиздеме жана ырасталган каржылоо булагы жок болсо жана бир жылдын ичинде курулуш иштери башталбаса ижарага берилген жерди кайтаруу шарттары белгиленген.
Радио
Мухамбетов: кичи ГЭСтерди куруу ылдам, арзан жана ыңгайлуу