Боомдо 15-апрелден 19-апрелге чейин таш кулатылат

Ишкана жолго чыга тургандардан каттамды алдын ала пландоосун суранды.
Sputnik
БИШКЕК, 9-апр. — Sputnik. Бишкек — Нарын — Торугарт жолундагы Боом капчыгайында 15-апрелден 19-апрелге чейин таш кулатылат. Бул тууралуу "Кыргыз темир жолу" ишканасынан билдиришти.
Маалыматта пландалган бул иштер жол жарым-жартылай тосулгандан кийин саат 9:00дөн 15:00гө чейин жүргүзүлөрү айтылды. Жолду тазалоо учурунда автокөлүктөр бир тилке менен жүрөт.
Ишкана жолго чыга тургандардан каттамды алдын ала пландап коюусун суранды. Ошондой эле бул иш-чара автоунаа жана темир жолдо коопсуздукту камсыздоо максатында өткөрүлүп жатканы кошумчаланды.
Бишкектин кире беришине транспорт алмаштырган түйүндөр уюштурулат