Бишкекте Космонавтика күнү белгиленет. Иш-чаралардын анонсу

Космонавтика күнүнө карата бир нече иш-чара пландаштырылган.
Sputnik
БИШКЕК, 9-апр. — Sputnik. Россиянын Бишкектеги илим жана маданият борборунда ("Русский дом") 11-апрелде Космонавтика күнүнө арналган "Жер – адамзаттын бешиги" аттуу жыйын өтөт.
Борбордун маалыматына ылайык, 12-апрелге карата бир нече иш-чара пландаштырылууда:
КРСУнун профессору Леонид Сумароковдун "Юрий Гагарин Кыргызстандын космостук феноменин кантип жараткан" деген темада республиканын космосту изилдөөгө кошкон салымы тууралуу лекциясы;
Н.Рерих атындагы музейдин жетектөөчү кызматкери Ирина Жумардын космосто "Тынчтык Туусу" орнотулганы жана космос кораблинин бортунда Рерихтин сүрөт көргөзмөсү кандай өткөнү жөнүндө лекциясы;
"Мен кантип космонавт болдум" (космоско учкан кеңсе кызматкердин окуясы) тасмасы.
Жыйын Эркиндик проспекти, 2/1 дарегинде 16:30да башталат. Иш-чарага шилтеме аркылуу катталсаңыз болот.
Бүгүн туңгуч космонат Юрий Гагариндин туулган күнү... Тарыхый материалдар