Бишкекте Айт намазы учурунда кайсы көчө жабылары эскертилди

Sputnik
БИШКЕК, 9-апр. — Sputnik. Бишкекте 10-апрель күнү эртең менен көчөлөр жабылат. Бул тууралуу Бишкек ШИИББ билдирди.
Маалыматка караганда, Айт намазы учурунда Жумабек көчөсүнүн Абдрахмановдон Сүйүмбаевге чейинки бөлүгүндө автоунаалар үчүн чектөө киргизилет. Анткени борбордук мечит ушул аймакта жайгашкан.
Жарандардын коопсуздугун 2 500 милиция кызматкери камсыздайт.
Эскерте кетсек, Айт намаз быйыл мечиттерде окулуп, саат 6:15те баяндар башталат.
Муфтият: Айт намаз аянтта эмес, мечиттерде гана окулат