10-апрелге карата аба ырайы

10-апрелде түнкүсүн айрым жерлерде жаан жаап, күн күркүрөшү, тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал.
Sputnik
БИШКЕК, 9-апр. — Sputnik. Шаршембиде күндүз дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүйдө +16…+21, Талас жеринде +14…+19, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +18…+23, Ысык-Көл чөлкөмүндө +10…+15, Нарын облусунда +12…+17 градусту көрсөтөт.
Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте +19…+21, Ош шаарында +21…+23 градус болот.
Жаанчыл болот. Келерки жумага карата Кыргызстандагы аба ырайы