Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Запорожье АЭСи дрондордун чабуулуна кабылып, адамдар жабыркады

Аткылоонун алдында пландалган иш-чаранын алкагында МАГАТЭнин эксперттери тилкени кыдырып кеткен.
Sputnik
БИШКЕК, 8-апр. — Sputnik. Запорожье АЭСи дрондордун чабуулуна кабылып, станциянын коопсуздугуна коркунуч жаралганын Росатом билдирип, маалыматты РИА Новости таратты.
Кечээ, жекшембиде, Украинанын күчтөрү Запорожье ГЭСинин алтынчы энергоблогунун куполуна чабуул жасаган. Станциянын коммуникация боюнча директору Евгения Яшина дрон колдонулганын айткан. Анткен менен өтө олуттуу талкалануу болгон жок, радиациялык табигый фон өзүнүн нугунда турат.
Буга чейин украиналык камикадзе-дрон ЗАЭСтин аймагын аткылаганы маалымдалган. Мунун алдында МАГАТЭ эксперттери тилкени пландалган иш-чаранын алкагында кыдырып кеткен.
Запорожье АЭСи Днепрдин сол жээгинде, Энергодар шаарына жакын жерде жайгашкан. Бул блоктордун саны жана орнотулган кубаттуулугу боюнча Европадагы эң ири атомдук электр станциясы болуп эсептелет. Атайын операция башталгандан бери аны россиялык аскерлер кайтарып, Украина тарап маал-маалы менен аткылап келет. Ал РФтин көзөмөлүнө 2022-жылы өткөн. Учурда анын блоктору токтотулуп, жабдуулардын иштеши радиациялык коопсуздуктун нормасына ылайыкташтырылууда. 2022-жылдын 1-сентябырнан тарта МАГАТЭнин адистери аталган объектиде иштеп жатат.
Украинанын Куралдуу күчтөрү жума күнү да дрон менен Запорожье АЭСиндеги жүк портун жана №2 азот-кычкылтек станциясын аткылап, бактыга жараша, катуу зыян келген эмес.
ТИМдин расмий өкүлү Мария Захарова Россия Батыш менен Киев бийлигинин ЗАЭС боюнча кырдаалды туруксуздаштыруу жана кол салуу ниетинен алыс болуусун эскертерин белгиледи. Мындан сырткары, Москва МАГАТЭнин ошол жерде жүргөн адистерин украиндер тарабынан жасалган кол салууларды белгилеп, каттап турууга чакырды.
Путин Россия атомдук объектилердин коопсуздугун арттырарын айтты