Пресс-борбор

ЕАЭБде 1-июлдан тарта алкоголдук ичимдиктерге техрегламент иштей баштайт

Техникалык регламенттин өткөөл мезгили 2027-жылдын январына чейин созулат.
Sputnik
БИШКЕК, 8-апр. — Sputnik. ЕАЭБ өлкөлөрүндө 1-июлдан тарта алкоголдук ичимдиктер боюнча техникалык регламент күчүнө кирет. Бул тууралуу Евразия экономикалык комиссиясынын техникалык жөнгө салуу министри Валентин Татарицкий Sputnik маалымат борборунда өткөн видеоконференция учурунда билдирди.
Ал техникалык регламенттин өткөөл мезгили 2027-жылдын январына чейин созуларын айтты.
“Иштин бардык жагын карап чыккан адистерден турган жумушчу топ түзүлдү. Бүгүнкү күндө айрым методдор тандалган, эми алар биримдиктеги өлкөлөрдүн макулдугунан өтүшү керек”, — деди Татарицкий.
Анын айтымында, техникалык регламент ЕАЭБ мамлекеттеринде жүгүртүүдөгү продукциянын 85 пайызын камтыйт жана техникалык жөнгө салуу системасы эффективдүү иштеп жатат.
ЕАЭБде эт азыктарына карата техрегламентке өзгөрүүлөр 7-апрелде күчүнө кирет