Андан сырткары, бул стратегиялык эле эмес, идеологиялык да максат экенин белгилеген.
Оккупацияланган Крым немецтик 17-армиядан коргонууга аракет кылган, басып киргендердин катарында румын бөлүктөрү болгон. Нацисттердин жалпы саны 200 миңге чукулдап барган.
1944-жылдын 8-апрелинде Крым чабуулу башталган. Советтик армия 15-16-апрелде Севастополго чыгып, ал эми Жеңишке, 9-майга жакын шаарды толугу менен бошоткон. 12-майда Крымдагы баскынчылар түп-тамыры менен талкаланган.
Тарыхта Улуу Ата Мекендик согуш учурунда болгон Крымдагы утулуу гитлерчилер үчүн Сталинград салгылашуусуна тете жеңилүү болгон.