Теги кыргызстандык аял Түркияда айыл башчы болду. Видео

Түркиянын желеги. Архив
Аял түркиялык кишиге турмушка чыгып, өлкөгө 10 жыл мурун көчүп барган.
Sputnik
БИШКЕК, 8-апр. — Sputnik. Кыргызстанда туулуп-өскөн Анастасия Метин Түркиядагы элеттердин биринде айыл башчы болгонун TRT телеканалы жазды.
Айылда болгону 15 үй бар. Бул кызматка үч талапкер болгон. Метин 11 добуш алса, калгандары 7 жана 3 добуш алган.
“Мага колдоо көрсөтүп, мени тандагандарга ыраазымын. Айыл үчүн иштейбиз, жол курабыз, асфальт төшөйбүз”, — деген ал.
Аял түркиялык кишиге турмушка чыгып, өлкөгө 10 жыл мурун келгенин айткан. Айыл башчы элеттеги көйгөйлөрдү чечүүгө катуу киришерин айтты.
Оштогу памирлик кыргыздар кесиптик лицейде окуй баштайт
Оштогу памирлик кыргыздар кесиптик лицейде окуй баштайт