1-майга чейин. Салык кызматы декларацияны өз убагында тапшырууну эскертти

Салык декларациясында киреше жана чыгашалар, экономикалык иш, мүлк объектилери, жер участоктору жана отчеттук жыл үчүн төлөнгөн салыктар жөнүндө маалыматтар көрсөтүлөт.
Sputnik
БИШКЕК, 8-апр. — Sputnik. Мамлекеттик салык кызматы декларацияны өз убагында тапшырууну эскертти.
Мекеменин маалымат кызматы билдиргендей, 1-майга чейин салык декларациясын төмөнкүлөр тапшырууга милдеттүү:
жеке ишкерлер, анын ичинде патент менен иштегендер;
менчигинде салык салынуучу мүлкү жана жер участогу (короо-жай участкаларынан башка) бар жеке жактар;
юридикалык жак болуп саналбаган дыйкан жана фермердик чарбалар;
мамлекеттик же муниципалдык кызматчы болуп саналбаган, мамлекеттик үлүшү бар уюмдардын жана ишканалардын кызматкерлери;
эл аралык уюмдардагы ишинен киреше алган, жашап турууга укугу же кайрылман статусу бар жарандар;
жыл ичинде 300 миң сомдон ашык суммадагы мүлктү сатып алган жеке жактар.
Толук маалыматты жергиликтүү салык органдарынан, 116 номеринен же Салык кызматынын www.sti.gov.kg сайтынан алууга болот.
Белгилей кетсек, бул — салык декларациясын тапшыруунун экинчи этабы. Биринчи этабы 1-апрелге чейин болуп, анда юридикалык жактар, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер тапшырган.
Радио
Декларацияны мөөнөтүндө тапшырбагандар административдик жазага тартылат