Дипломат болом дегендер үчүн. Россиянын окуу жайы документ кабыл алууда

Окуу жайда билим алууну каалагандар 17-майга чейин каттоодон өтсө болот.
Sputnik
БИШКЕК, 8-апр. — Sputnik. Россия ТИМинин Москва мамлекеттик эл аралык мамилелер институтуна тапшыруу үчүн документтерди кабыл алуу башталды. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги кабарлады.
Билдирмеге караганда, бакалавриат, магистратура жана аспирантурада окууну каалагандар 17-майга чейин каттоодон өтсө болот. Шарт боюнча сынакка Кыргызстандын жарандары гана катыша алат.
"Бүтүрүүчүлөр бир гана факультет боюнча документ тапшыра алат. Окуу жайдын экзамендерине андан ары катышуу үчүн ТИМ сунуштаган талапкерлер онлайн-форматта орус жана чет тилдери боюнча тестирлөөдөн өтүшөт", — деп жазылат маалыматта.
Сынакка катышуу үчүн www.dipacademy.kg шилтемеси менен ТИМдин Дипломатиялык академиясынын сайтына кирип, онлайн-каттоодон өтүү зарыл. Документтер кадимки тартипте тапшырыла турганы кошумчаланды. Абитуриенттерди тандоо эрежелери тууралуу www.mfa.gov.kg жана www.dipacademy.kg сайттарында жазылган.
Радио
Абитуриенттер үчүн кыргыз тили боюнча тест ЖРТнын форматындай эле болот