Бүгүн өлкө боюнча 1-класска электрондук каттоо башталды

Электрондук каттоо боюнча биринчи класска өтүнмө берүү үчүн уюлдук телефон же компьютер аркылуу интернетке кирүү керек.
Sputnik
БИШКЕК, 8-апр. — Sputnik. Бүгүн өлкө боюнча 1-класска электрондук каттоо башталды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, электрондук каттоо эки этапта жүргүзүлөт.
Биринчи этап 8-апрелден 2-июнга чейин расмий каттоодо турган жери боюнча жүрөт.
Экинчи этапта 3-июндан 30-августка чейин бош орундары бар мектепке катталса болот.
Электрондук каттоо боюнча биринчи класска өтүнмө берүү үчүн уюлдук телефон же компьютер аркылуу интернетке кирүү керек. 2024-2025-окуу жылына карата каттоо сайтында 24 саат бою жеткиликтүү.
Толук маалыматты Билим берүү министрлигинин сайтынан алууга болот.
Баланы 1-класска каттоодо эмнени эске алуу керек? Кеңештер