УКМК: бийликке кол салууга ниеттенген чет өлкөлүктөр Азербайжанга өткөрүлдү

Чет элдик уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү криминалдык идеологияны жайылтуу жана күчөтүүнү көздөгөнү белгиленген.
Sputnik
БИШКЕК, 8-апр. — Sputnik. Кыргызстандын жетекчилигине кол салууга ниеттенди делген уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү Азербайжандын Ички иштер министрлигине өткөрүп берилди. Бул тууралуу УКМКдан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, 20-мартта "Ак-Жол" автожол көзөмөл-өткөрүү пункту аркылуу Кыргызстанга 53, 40, 42 жана 32 жаштагы Азербайжандын беш жараны келген. Алар буюртма менен киши өлтүрүүнү пландашкан. 22-мартта УКМК тарабынан козголгон кылмыш иштин алкагында колго түшүрүлгөн.
"Алар Кыргызстандын жарандарына коркунуч келтиргендиктен, ошондой эле Азербайжан тараптын өтүнүчү боюнча укук коргоо органдары менен мурда түзүлгөн келишимге ылайык, 7-апрелде "Манас" эл аралык аэропортунун аймагында Азербайжан ИИМинин расмий өкүлдөрүнө өткөрүп берилди", — деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө аталган адамдардын кылмыштуу топторго тиешеси бар экендиги аныкталганы кошумчаланган.
Чаткалда кенде иштегендерге салык салган кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды