Салган торун кайтарган браконьерлердин куткаруучуларга айбат көрсөткөн учурлары да кездешет. Бул тууралуу Сабыржан Аламанов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, былтыр Ысык-Көлдү тордон тазалай баштаганда 70 пайызы эски торлор болуп чыккан. Быйыл алардын ордун жаңы торлор ээлеген.
"2023-жылы 12-марттан баштап ӨКМдин суучулдар борбору Ысык-Көлдү торлордон жана таштандыдан арылтуу ишин баштаган. Өткөн жылы Көлдөн 218 миң 100 метр узундуктагы торлор алынган. Муну менен катар 22 миң 545 тонна ар кандай таштанды чыгарылган. Быйыл деле ошол көрүнүш кайталанууда. Жыл башынан ушу күнгө чейин 18 миң 500 метр тор чыгардык. Табылган синтетикалык торлорду дароо жок кылабыз. Мыйзамсыз балык уулоочулар Көлдүн табиятын, жаратылышын жана балыктар кайсы убакта икрасын чачарын жакшы билет. Ал эми тазалоо ишине чоң жана чакан кемелер тартылып, 8+12 адамдан турган топтор кезек менен сууга жөнөтүлөт. Ар командада суучулдар менен бирге айдоочулар жана куткаруучулар бар", — деди Аламанов.
Ал суучулдар бир катар техникалык жабдыктар менен камсыздалганын кошумчалады.