Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

"Украина утулса, биз да жеңилебиз". Франция, Британия ТИМдеринин билдирүүсү

Министрлердин пикиринде, Батыш РФтин жеңилиши үчүн "дагы күч жумшашы" керек.
Sputnik
БИШКЕК, 8-апр. — Sputnik. Улуу Британиянын, Франциянын тышкы иштер министрлери Дэвид Кэмерон жана Стефан Сежурне Украинанын Россия менен кармаштагы жеңилүүсү Батыштын утулуп калышына тете экендигин айтышканын РИА Новости жазды.
"Экөөбүз тең түшүнүктүү кылып айтып жатабыз: Украина бул согушта жеңиши керек. Эгерде Украина утулса, биз да жеңилебиз", — дешкен алар.
Кэмерон менен Сежурне Франция жана Улуу Британия июлда өтө турган Европалык саясий коомчулуктун саммитинде Киевге жасала турган "урагыс" колдоону бекемдешерин айтышкан. Министрлердин пикиринде, Батыш РФтин жеңилиши үчүн "дагы күч жумшашы" керек.
Россия атайын операцияны 2022-жылдын 24-февралында баштаган. Владимир Путин "ал Киев режими тарабынан сегиз жыл бою кордолуп-мазакталып, геноцидге кабылгандарды коргоо максатын көздөйт" деген. Президент атайын операция аргасыздан жасалган кадам экенин, Россиянын "башка жолу калбаганын, коопсуздук жаатындагы тобокелдиктер башкача чара көрүүгө мүмкүнчүлүк бербей калганын" белгилеген. Путиндин айтымында, РФ 30 жыл бою НАТО менен Европадагы коопсуздук принциптери боюнча эпке келүүгө аракет кылган, бирок алданып, кысымга жана опузалоого тушугуп келген. Ал арада альянс Москванын каршылыгына карабай кеңейип, барган сайын Россиянын чек арасына жакындай бергенин белгилеген.
Улуу Британия согушка даяр эмес. Коргоо министрлигинин билдирүүсү