"Каалаган бир буюмду 30 секундадай карап, эстеп калууга аракет кылыңыз. Андан кийин ал буюм турган жерден башка жакты карап майда-чүйдөсүнө чейин сүрөттөп бериңиз. Мында деталдары да чоң мааниге ээ. Же бош боло калганыңызда күнүмдүк маршрутуңузду кайра бир сыйра көздөн өткөрүп, айтып бергенге аракет кылыңыз. Мындай көнүгүүлөр эс тутумду машыктырат. Күнүгө кайталап туруу жакшы натыйжа берет", — деген адис.
"Адамдын когнитивдик жөндөмү активдүү кыймыл-аракеттен түздөн-түз көз каранды. Спорт менен машыгуу — ойду чачыранды кылбай бир жерге топтоого, маалыматты тез кабыл алууга, эс тутумду жакшыртууга өбөлгө. Буга кошумча, күнүмдүк тамактын рациону өзгөрүп турушу керек. Басымды пайдалуу, антиоксиданттары менен витаминдери көп азыктарга жасоо зарыл. Мындай балансталган тамак мээни да азыктандырып, ишин жакшыртат. Муну менен бирге менталдык саламаттыкка көңүл буруп, өз убагында, туура эс алуу да чоң мааниге ээ. Өнөкөткө айланган стресс клеткаларды жок кылат, бул өз кезегинде эс тутумга терс таасирин тийгизерин унутпаңыз", — деди Кондрашина.