БИШКЕК, 8-апр. — Sputnik. Быйыл Айт намаз мечиттерде гана окулат. Бул тууралуу муфтияттын маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, муфтият муну дүйнөдө болуп жаткан кырдаал менен байланыштырган.
"Дүйнөдөгү азыркы кырдаалга байланыштуу элдин коопсуздугун эске алуу менен Орозо айт намазы мечиттерде гана окулмакчы", — деп жазылат кабарда.
Айт намаздын программасы:
06:15 — 07:25 баяндар;
7:25-7:30 — Айт намаз окуу эрежесин түшүндүрүү, саффан сааф айтуу;
7:30 — Орозо айт намазы.
Бишкекте буга чейин айт намаздар эски аянтта окулуп келген. Кыргызстанда Орозо айт 10-апрелде белгиленет.