"Тажатты". Америкалык офицер АКШнын маанисиз чечимдеринен кийин үн катты

Sputnik
БИШКЕК, 8-апр. — Sputnik. Кошмо Штаттар башка өлкөлөр менен согушуп, өзүнө зыян келтирип жатат. Бул туурасында Пентагондун мурдагы кеңешчиси Дуглас Макгрегор X тармагына жазганын РИА Новости билдирди.
"Америкалыктарды мааниси жок, ойлонулбаган, кайра өздөрүнө зыянын тийгизген согуштук кадамдар тажата баштады", — деп жазган ал.
Полковник мындай учурлардан улам көбөйүп жаткан АКШнын мамлекеттик карызын эске салган. Ал 20 жыл ичинде 14 триллион долларга өскөн.
"Бул эмне пайда алып келди?" — деп нааразы болгон экс-кеңешчи.
Буга чейин Россиянын Коопсуздук кеңешинин катчысы Николай Патрушев АКШ дүйнөнүн ар кыл жерлеринде согуш чыгаруу жана мамлекеттердин эгемендүүлүгүн талкалоо жагынан мурда эле "чемпион" болгонун белгилеген болчу.
Москва АКШ менен НАТО өлкөлөрү Россияга жана башка мамлекеттерге карата агрессиялуу, экспансиялык саясат жүргүзүп, Чыгыш тарапта согуштук блогун кеңейтип, РФтин чек араларында куралын, армиясын жайгаштырып жатканын бир нече ирет айткан жайы бар.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Америкалык мурдагы чалгынчы Украина согушу үчүн россиялыктардан кечирим сурады