Кыргызстанда мындан ары жогорку окуу жайга тапшырган абитуриенттер кыргыз тилинен милдеттүү түрдө тест тапшырат. Ал Жалпы республикалык тестирлөөнүн форматында болуп, предметтик тестке окшош болорун Чынара Батракеева Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, абитуриенттин мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктай турган тестти түзүү иши Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборуна жүктөлгөн.
"Кыргызстанда мындан ары жогорку окуу жайларына тапшырган абитуриенттер кыргыз тилинен милдеттүү түрдө тест тапшырат. Ал абитуриенттин мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктайт жана жогорку окуу жайга тапшырууда сынактын жыйынтыгына таасирин тийгизбейт. Бирок кийинчерээк бул тесттин жыйынтыгы ЖОЖго кабыл алууда эске алынат. Тестти түзүү иши Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборуна жүктөлгөн. Анын мазмуну, форматы, суроолору учурда иштелип жатат. Мисалы, кыргыз тили боюнча тест Жалпы республикалык тестирлөөнүн форматында болуп, предметтик тестке окшош болот. Тил боюнча деңгээлин аныктоо тести үчүн абитуриент 200 сом төлөйт", — деди Батракеева.
Ошондой эле адис абитуриенттер үчүн мамлекеттик тил боюнча тест ЖРТнын убактысынан башка датада өтөрүн кошумчалады.