Садыр Жапаров Апрель элдик революциясы күнүнө карата кайрылуу жасады

Президент өлкө башына кайсы бийлик келбесин, элдин тилегин актоого милдеттүү экенин эскертти.
Sputnik
БИШКЕК, 7-апр. — Sputnik. Садыр Жапаров Апрель элдик революциясы күнүнө карата кайрылуу жасап, аны президенттин маалымат кызматы таратты.
Өлкө башчы 7-апрель кландык бийликти тактан кулаткан күн экенин белгиледи.
"Апрель элдик революциясы болгон күн — үй-бүлөлүк, кландык бийликти тактан кулаткан, адилетсиздик менен зордук-зомбулукка моюн сунбаган, эркиндикти сүйгөн кыргыз элинин рухун даңазалаган күн! Элдин эрки менен эсептешпей калган бийликтин арымы кыска, келечеги бүдөмүк болору айкындалган күн!" — деди президент.
Өлкө башчы анткен менен бул революция оор жоготуулар менен коштолгонун эске салды.
"Мамлекеттин жаркын келечеги деп кан-жанын аябай, эл мүдөөсүн орундатуу үчүн чечкиндүү кадамга барып, курман болгон баатырларыбыздын элесине таазим кылабыз. Апрель баатырларынын эрдиги ар бир мекенчил жарандын жүрөгүндө жашайт. Алардын жасаган каармандыгы биз үчүн да, келечек муун үчүн да ар дайым үлгү болуп кала берет", — деди өлкө лидери.
Жапаров кайрылуусунда өлкө башына кайсы бийлик келбесин, элдин тилегин актоого тийиш экенин белгилеп, элди ынтымакка, биримдикке чакырды.
Канга боелгон көчө, өрттөлүп тонолгон калаа... Апрель революциясы сүрөттө