Улуттук геология тармагын өнүктүрүүгө алгачкы жолу 1 млрд. сом бөлүнөт

Каражат адистерди даярдоого, илимий-изилдөөлөргө, жабдык сатып алууга жумшалат.
Sputnik
БИШКЕК, 7-апр. — Sputnik. Кыргызстанда алгачкы жолу улуттук геология тармагын өнүктүрүүгө 1 миллиард сом бөлүнөт. Бул тууралуу Садыр Жапаров геологдорду кесиптик майрамы менен куттуктап жатып билдирди.
Президент бөлүнгөн акча мамлекеттин минералдык-сырьелук базасын толуктоого жана көбөйтүүгө сарпталарын айтты. Тагыраагы, геологиялык илимий-изилдɵɵ иштерин жүргүзүүгө, геофизикалык жана атайын бургулоочу жабдууларды алууга, пайдалуу кендерди издөөгө, чалгындоого жана баалоого, адистерди даярдоого, жаңы кендерди ачууга пайдаланылмакчы.
"Геология тармагынын ардагерлеринин өткөн кылымдын 30-жылдарынан берки түмөн түйшүк тарткан мээнети менен топтогон эбегейсиз зор көлөмдөгү геологиялык эмгектери бүгүн да колдонулуп жана аздектелип сакталуу бойдон турат. Алар мамлекеттин өнүгүүсүнө ар тараптан салым кошууда. Бул үчүн биздин ардагерлерибизге терең ыраазычылык билдирем", — деди президент.
Жапаров куттуктоонун соңунда геологдорго чың ден соолук, бакубат жашоо, ийгилик каалады.
Садыр Жапаров Апрель элдик революциясы күнүнө карата кайрылуу жасады