Ноокенде тоо бооруна көчөттөр отургузулуп, "Кыргызстан 100" жазуусу түшүрүлдү

Sputnik
БИШКЕК, 7-апр. — Sputnik. Ноокен районунун Кочкор-Ата токой чарбасындагы тоо бооруна тигилген көчөттөрдөн "Кыргызстан 100" жазуусу түшүрүлдү. Бул туурасында акимчиликтен билдиришти.
1 / 3

Ноокен районунун Кочкор-Ата токой чарбасындагы тоо бооруна тигилген көчөттөрдөн "Кыргызстан 100" жазуусу түшүрүлдү

2 / 3

Мындай демилге жергиликтүү бийлик тарабынан "Жашыл мурас" улуттук өнөктүгүнүн жана Кара-Кыргыз автономдуу облусунун 100 жылдыгына карата жүзөгө ашырылган

3 / 3

"Кыргызстан 100" жазуусун түшүрүү үчүн 1000ден ашык көчөт отургузулганы белгиленди

Мындай демилге жергиликтүү бийлик тарабынан "Жашыл мурас" улуттук өнөктүгүнүн жана Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдыгына карата ишке ашырылган.
"Кыргызстан 100" жазуусун түшүрүү үчүн 1000ден ашык көчөт отургузулганы белгиленди.
Ишембиликке Ноокен районунун акими Таалайбек Ишенбеков, шаар, айыл өкмөт, мекеме-ишкана жетекчилери жана кызматкерлери катышкан.
Жалал-Абадда 20 гектар жерге жаңгактын 8000 түп көчөтү отургузулат