Дамба жарылган Оренбург облусундагы абал курч бойдон калууда. Соңку маалымат

Адистер суу кеминде 1,5-2 жумада тартыларын айтууда.
Sputnik
БИШКЕК, 7-апр. — Sputnik. Россиянын өзгөчө кырдаалдар министри Александр Куренков Оренбург облусундагы суу каптаган Орск шаарына келди. Бул тууралуу РИА Новости кабарлады.
ӨКМ башчысы жеринде бардык керектүү чараларды көрүү үчүн президент Владимир Путиндин тапшырмасы менен келген.
Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Илья Денисов Оренбург облусундагы кырдаал татаал деп бааланып, тиешелүү чаралар көрүлүп жатканын билдирди.
Куренков убактылуу жерлерге жайгаштырылган жергиликтүү тургундардан кабар алып, жолугушуу өткөрөт.

Дамбанын жырылышы

Россиянын Оренбург облусуна караштуу Орск шаарында Урал дарыясынан коргоп турган дамба жума күнү жырылган. Суу айылдарды каптап, эл жапырт көчүрүлүүдө. Облус башчысы Денис Паслер кырсыктан жапа чеккендерге төлөнүүчү акчаны эки эсе көбөйтүүнү тапшырган.
Ыкчам кызматтар суу каптоодон үч адам көз жумганын кабарлады. Улгайган кишилердин сөөгү өз үйлөрүнөн табылган. Аймактык прокуратуранын маалыматы боюнча, Оренбургдагы дамба өз убагында көрүлбөгөн чаралардан улам бузулган. Бул боюнча кылмыш иши козголгону кошумчаланды.
Адистердин айтымында, суу 1,5-2 жумада тартылат. Ошондой эле мындай кырдаал жүз жылда бир боло турганы айтылды.
Соңку маалымат боюнча, Орск шаарында 2 450 үй суу астында калды. Оренбург облусуна өзгөчө кырдаал режими киргизилген. Жеринде 700 куткаруучу иштеп жатат.
Кыргызстан Казакстанга 300 тонна гумжардам жөнөттү