Эртең Бишкектин бир катар райондорунда электр энергиясы болбойт. График

Жарык оңдоо иштерине байланыштуу өчүрүлөт.
Sputnik
БИШКЕК, 7-апр. — Sputnik. Эртең, 8-апрелде, Бишкектин бир катар райондорунда оңдоо иштерине байланыштуу электр жарыгы болбойт. Бул тууралуу "Бишкек электр тармактары" ишканасы билдирди.
Жарык өчүрүлө турган аймактар:
Саат 9:30дан 12:00гө чейин — Ак-Босого конушу (2-көчө, Профессор Зима көчөсү, Чүй проспектисиндеги №29-33 үйлөр), Төмөнкү Ала-Арча айылы (Тихая, Новая, Колхоз көчөлөрү);
Саат 9:00дөн 15:00гө чейин — Касым жаңы конушу (Кайназарова, Профсоюзная, Салтанат жана Ынтымак көчөлөрү);
Саат 9:00дөн 17:00гө чейин — Асанбай кичи районундагы №78 үйдүн 1, 2-подъезддери, Чоң-Арык айылы (Кожобергенов, Мусулманкулов, Северная, Семетей көчөлөрү), Ала-Тоо конушу (Көк-Талаа, Макмал, Терек-Сай, Улук-Тоо, Беш-Тектир, Бальмазар көчөлөрү), Тоголок Молдо көчөсүндөгү Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадион, Бөкөнбай, Коенкозов, Чокморов, Дэн Сяопин (№2 үй) көчөлөрү, Киргизия-1 конушу (Улан, Абдрахманов көчөлөрү), Көлмө конушу (Үкөк, Республика, Жийделүү, Алтын-Бешик, Ай-Көл, Азаттык көчөлөрү), Ак-Босого конушу (Чүй проспектиси №12-14);
Саат 9:30дан 13:00гө чейин — Көк-Жар конушу (Ой-Терскен, Куйручук, Тоң көчөлөрү);
Саат 9:30дан 14:30га чейин — Мичурин, Абрахманов, Тыныстанов көчөлөрү, Жибек Жолу проспектиси, Александров көчөсү;
Саат 9:30дөн 18:00гө чейин — Матросов, Жантөшев, Элебесов, 8-март, Аул, Коллектив, Бакинская, Станислав, Сумская көчөлөрү;
Саат 12:00дөн 14:00гө чейин — Төмөнкү Ала-Арча айылы (Кыргыз, Панфилов, Чагай, Колхоз көчөлөрү);
Саат 12:30дан 16:30га чейин — Чүй проспектисиндеги №46, 48 жана 50 үйлөр, Киев жана Сыдыков көчөлөрүнүн Суюмбаев көчөсүнөн Осмонкул көчөсүнө чейинки бөлүгү, Суюмбаев Осмонкул көчөлөрүнүн Чүй проспекисинен Токтогул көчөсүнө чейинки бөлүгү;
Саат 13:00дөн 17:00гө чейин — Кривоносов көчөсүндөгү №103 үй.
Кыргызстанда 1-майдан тарта электр энергиясы 10,8%га кымбаттайт