Жаанчыл болот. Келерки жумага карата Кыргызстандагы аба ырайы

Жуманын алгачкы эки күнү асман ачык туруп, андан соң маал-маалы менен жамгыр жаайт.
Sputnik
БИШКЕК, 7-апр. — Sputnik. Кыргызгидромет агенттиги алдыдагы аптага карата аба ырайы тууралуу маалымат берди.
Ага ылайык, Бишкекте бүгүн-эртең жаан-чачын күтүлбөйт. шейшембиде жамгыр жаап, шаршембиде асман ачылат. Кайра эле бейшембиде күндүн көзү бузулат. Ошол бойдон ишембиде күн ачылат.

Чүй жана Талас облустары

7-8-апрелде күн ачык болот, 9-апрелде көпчүлүк аймактарда жаан жаайт. 10-апрелде күн ачылып, бирок кайра эле 11-апрелде айрым, 12-апрелде көпчүлүк жерлерде жамгыр жаайт. 13-апрелде жаан-чачын күтүлбөйт.

Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустары

7-8-апрелде күн ачык болот. Андан соң апта аягына чейин мезгил-мезгили менен жамгыр жаай турганы божомолдонууда.
Ысык-Көл жана Нарын облустары
8-апрелде жаан-чачын күтүлбөйт. 9-11-апрелде айрым жерлерде, 12-апрелде көпчүлүк аймактарда жамгыр жаайт. 13-апрелде күн ачылат.
30 градуска чейин жетет! Апрель айына карата аба ырайы