Радио

Жазда күчөгөн аллергиялык ринит эмнеси менен кооптуу?

Куралдуу күчтөрдүн башкы терапевти, жогорку категориядагы дарыгер, пульмонолог Бермет Естебесова аллергиялык риниттин пайда болуу себептери, дарылоо жана алдын алуу ыкмалары тууралуу айтып берди.
Sputnik
Ринит сезондук, жыл бою, инфекциялык, курч, өнөкөт болуп бөлүнөт. Жазгысын көпчүлүк дал ушул сезондук аллергиялык ринитке дуушар болот. Бул тууралуу Бермет Естебесова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, аллергиялык ринит узакка созулса бара-бара бронхиалдык астмага айланып кетиши мүмкүн.
"Жөнөкөй адам аллергиялык ринитти кадимки курч респиратордук вирустук инфекциядан же сасык тумооон айырмалай албайт. Риниттин негизги белгилерине мурундан суюктук агуу, бүтүү, чүчкүрүү, кычышуу кирет. Ооруга маани бербей, өз учурунда дарыланбаса аллергиялык ринит бара-бара бронхиалдык астмага өтүп кетиши мүмкүн. Ошону менен бирге оору кулак, көзгө да терс таасирин тийгизет. Эгер эки жумадан ашык мурундан суюктук акса, аллергологго кайрылып, текшерүүдөн өтүү керек. Аллергиялык ринит организмдин тышкы дүүлүктүргүчтөргө болгон реакциясынан улам келип чыгат. Алсак, чөп-чардын чаңчалары, теректин түктөрү, үй жаныбарларынын эпидермиси, төшөк кенелери, ошондой эле тиричилик химиясы жана башка химиялык кошулмалар болушу мүмкүн. Аллергия көбүнчө иммунитеттин төмөндөшү менен пайда болорун эстен чыгарбоо керек. Андыктан риниттин алдын алуу үчүн сергек жашоо образын карманып, туура тамактанып жана көп кыймылдап машыгуу керек", — деди Естебесова.
Ал дарыгерлер биргеликте изилдөө жүргүзүп, спорт менен машыккандарда аллергиялык реакциялар кыйла азаяры аныкталганын кошумчалады.