"Атактуу адабий сынчы Виссарион Белинскийдин айтканы бар. "Адабият — эриккенде жазчу иш эмес. Ага бүт дитиңди коюп, жаштайыңдан аралашып, каныгышың керек" деген. Анын сыңары, пенсияга чыккан соң жазуучулук менен алектенем деген — туура эмес түшүнүк. Жазуучу болуу үчүн да башка кесиптердей эле тажрыйба керек, эрежелерин билишиң керек. Адабий туюм, шык керек. Учурда жаңы кыргыз адабиятында тарыхый чыгармаларды жаратуу өзгөчө популярдуу болууда. Тилекке каршы, калеми төшөлбөгөн, тажрыйбасы жок авторлор жаратып жатышкандыктан алар фольклорчулардын чогулткан эмгектеринин негизинде эле ар кандай уламыш, жомоктор, санжыралар окурманга бүкүлү боюнча сунушталып жатат. Анын эч кандай адабий көркөмдүгү, концепциясы жок. Мисалы, Ч. Айтматовдун маңкуртун алып карай турган болсок, ал легенда болгону менен кандай гана ийленип иштелип чыккан, бүтүндөй адамзатынын табиятын чагылдырган, укмуштуудай көркөмдүккө ээ, философиялык мааниси терең чыгарма болууда. Элдик легендаларды мына ушундай деңгээлге жеткирип жазып чыгуу үчүн кызыгуудан сырткары талант, талбаган эмгек жана тажрыйба керек. Ошондуктан жазуучу болууну каалаган адам бала чагынан калем кармоосу зарыл", — деди Медетов.