Жапаров Токаев менен телефон аркылуу сүйлөшүп, колдоо сөздөрүн айтты

Президент суу ташкындары тууралуу маалыматты абдан тынчсыздануу менен кабыл алганын белгилеген.
Sputnik
БИШКЕК, 6-апр. — Sputnik. Мамлекет башчы Садыр Жапаров Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул туурасында өлкө жетекчисинин маалымат кызматы билдирди.
Жапаров жалпы кыргыз элинин атынан Казакстанда болуп жаткан масштабдуу суу ташкындары тууралуу маалыматты абдан тынчсыздануу менен кабыл алганын белгилеген.
Ошондой эле коңшу өлкөнүн бийлиги табигый кырсыктарды чектөө жана кесепеттерин жоюу боюнча бардык зарыл чараларды көрөт деп ишеним арткан.
"Президент Касым-Жомарт Токаевге колдоо сөздөрүн айтып, боордош Казакстан элин келе жаткан Орозо айт майрамы менен куттуктап, бул руханий майрам эки өлкөнүн элдерине тынчтык, бейпилдик жана туруктуулук алып келишин каалады", — деп жазылат маалыматта.
Мындан сырткары, тараптар алдыда боло турган жогорку жана бийик деңгээлдеги иш-чараларды талкуулашты. Токаев ошондой эле колдоо сөздөрү үчүн Жапаровго ыраазычылык билдирди.
Кыргызстан Казакстанга 300 тонна гумжардам жөнөттү