Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Рамзан Кадыров "Вагнер" тобунун мурдагы үч миң аскери "Ахмат" спецназына өткөнүн айтты

Чеченстан башчысы бул чечим атайын операциянын жүрүшүнө оң таасирин тийгизет деген ишенимин билдирген.
Sputnik
БИШКЕК, 6-апр. — Sputnik. "Вагнер" тобунун мурдагы үч миң аскери командири менен бирге "Ахмат" спецназына өтүүдө. Бул тууралуу Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыров өзүнүн Telegram каналында билдиргенин РИА Новости жазды.

"Сиздерге жакшы жаңылыгым бар. "Ахмат" атайын багыттагы бөлүктүн командири Апта Алаудинов менин тапшырмамдын негизинде "Вагнер" тобунун жетекчилиги менен сүйлөшүп, анын жыйынтыгында "Вагнердин" командирлеринин бири, легендарлуу "Ахматка" өтмөй болду. Аны менен кошо бул спецназга "Вагнердин" мурдагы үч миң аскери да кошулмакчы", — деп жазган Кадыров.

Ал Россиянын Коргоо министрлиги бөлүккө керектүү сандагы бош орундарды бөлүп бергенин ырастады. Кадыров уюштуруу маселелери жакын арада чечилерин кошумчалаган.
Чеченстандын башчысы "Вагнер" тобунун мурдагы аскерлеринин "Ахмат" атайын күчтөрүнө өтүшүн өлкөнүн коргонуу жөндөмдүүлүгүн бекемдөө жана атайын багыттагы бөлүктүн натыйжалуулугун жогорлатуу үчүн маанилүү кадам деп атаган. Кадыров бул чечим атайын операциянын жүрүшүнө оң таасирин тийгизет деген ишенимин билдирген.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россиянын Украинадагы маанилүү объектилерге койгон чабуулдары. Видео