Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Украина вице-премьери: АКШ менен Германия Киевдин НАТОго кошулуусуна каршы

Ольга Стефанишина эки өлкө эмне үчүн каршы болуп жатканын айтып берди.
Sputnik
БИШКЕК, 6-апр. — Sputnik. Украинанын Европа жана евроатлантикалык интеграция боюнча вице-премьер-министри Ольга Стефанишина жума күнү Вашингтон менен Берлин Киевди НАТОго чакырууга каршы экенин билдирди. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
New York Times гезити НАТОнун расмий өкүлдөрүнө шилтеме берүү менен жума күнү кабарлагандай, Украина июль айында Вашингтондо өтө турган саммит учурунда альянска кошулууга расмий чакыруу албайт.
Стефанишина АКШ менен Германия Украинаны НАТОго чакырууга каршы деп эсептейт, анткени бул “сүйлөшүү гана эмес, реалдуу чечим болуп саналат”.
Март айында НАТОнун Аскердик комитетинин башчысы адмирал Роб Бауэр Украинанын альянска мүчө болуу маселеси чечилгенин, бирок “качан болот жана бул үчүн эмне керек” деген талкуулар уланып жатканын билдирген. 2022-жылдын сентябрынын аягында Владимир Зеленский Украина НАТОго тездетилген негизде кирүү үчүн арыз берип жатканын жарыялаган. Ошол эле учурда НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг куралдуу кагылышуу учурунда Украинанын альянска толук мүчө болушу мүмкүн эмес экенин билдирген.
Россия президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков буга чейин Кремль Зеленскийдин Украинаны НАТОго киргизүү өтүнүчүн укканын билдирген. Анын айтымында, Москва кырдаалга кылдат көз салып турат жана Россиянын Украинадагы атайын операциясын баштоонун себептеринин бири Киевдин альянска багыт алганы болгон.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
НАТОдон Украинага аскер жиберүүгө ниети жоктугун айтышты