Кыргызстандык спортчулар Казакстанда тыйын эңмей боюнча Азия кубогуна катышат

Sputnik
БИШКЕК, 6-апр. — Sputnik. Ат оюндары боюнча улуттук курама команда тыйын эңмей боюнча Азия кубогуна катышат. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаменти билдирди.
Оюндар Казакстандын Шымкент шаарында 6-8-апрель күндөрү өтөт.
Өлкө намысын коргой турган команданын тизмеси:
Аскат Талайбеков;
Адилбек Кенжебек уулу;
Аман Эсенгелдиев;
Максат Батырбек уулу — машыктыруучу;
Улан Жумакматов — команда жетекчиси.
Мелдешке Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Монголия, Кытай жана Тажикистандын курама командалары катышат.
Бишкекте алыш бел боо күрөшү боюнча эл аралык турнир өтөт