Тажикстан Түркия жарандары үчүн виза режимин киргизүүнү карап жатат

Sputnik
БИШКЕК, 6-апр. — Sputnik. Тажикстан өз ара принцибинин негизинде түрк жарандары үчүн виза режимин киргизүү маселесин карап жатканын РИА Новости Тажикстандын Тышкы иштер министрлигине шилтеме берүү менен жазды.
Буга чейин Түркиянын башчысы Режеп Тайип Эрдоган Тажикстандын жарандары Түркияга жалпы жарандык паспорт менен кирген визасыз режимди жокко чыгарган. Эми алар сапарга чыгар алдында дипломатиялык өкүлчүлүктөрдөн виза алышы керек болот.
Жарлык Resmi Gazete расмий гезитинде жарыяланды. Чечимдин себептери айтылган жок.
Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги Түркия бул чечимди дипломатиялык каналдар аркылуу Тажикстанга кабарлаганын белгиледи.
Иран 32 өлкөнүн жарандары үчүн виза режимин бир тараптуу жокко чыгарды