Министр Алымкадыр Бейшеналиев борбор калаадагы №4 жана №5 үй-бүлөлүк медицина борборлоруна барып жаңы техникалардын иштешин көргөн.
Ал мындай санариптик аппараттардын келиши менен медицина кызматкерлеринин иши жеңилдеп, бейтаптар үчүн жакшы шарттар түзүлүп жатканын белгиледи.
"Көптөгөн саламаттык сактоо уюмдарында аналогдук флюороаппараттары үчүн пленкалар менен көйгөйлөр болуп келген. Бул көйгөйдү чечүү үчүн "Кыргыз фармация" мамлекеттик ишканасы аркылуу түз өндүрүүчүлөрдөн 20 аппарат сатып алынды. Буга бөлүнгөн 200 миллион сомдун 71 миллионун үнөмдөй алдык, ал саламаттык сактоо уюмдарынын башка муктаждыктарына жумшалат", — деди Бейшеналиев.
Ошондой эле ал Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду аркылуу тендер жарыялаганда бир аппаратка 9-10 миллион сом сунушталганын, ал эми өндүрүүчүдөн түз сатып алууда 6 миллион сомго айланганын айтты.