Россиянын Орск шаарында дамба жырылып, эл коопсуз жайга көчүрүлүүдө

Облус башчысы Денис Паслер кырсыктан жапа чеккендерге төлөнчү акчаны эки эсеге көбөйтүүнү тапшырган.
Sputnik
БИШКЕК, 6-апр. — Sputnik. Россиянын Оренбург облусуна караштуу Орск шаарында Урал дарыясынан коргоп турган дамба жырылганын РИА Новости жазды.
Билдирмеге караганда, аймакта суу каптаган айылдардын эли массалык түрдө эвакуацияланууда.
Облус башчысы Денис Паслер кырсыктан жапа чеккендерге төлөнчү акчаны эки эсеге көбөйтүүнү тапшырган.
Ыкчам кызматтар суу каптоодон үч адам көз жумганын кабарлады. Улгайган кишилердин сөөгү өз үйлөрүнөн табылган. Аймактык прокуратуранын маалыматы боюнча, Оренбургдагы дамба өз убагында көрүлбөгөн чаралардан улам бузулган. Бул боюнча кылмыш иши козголгону кошумчаланды.
"Суу каптаган Оренбург облусунда тамак-аш, ичүүчү суу тартыштыгы жок. Бул аймактан эвакуациялангандар үчүн убактылуу жашап туруу жайлары уюштурулду", — деп жазылат кабарда.
Кыргызстан Казакстанга 300 тонна гумжардам жөнөттү