Кыргызстан Казакстанга 300 тонна гумжардам жөнөттү

Министрлер кабинети гумжардам даярдоо жана жеткирүү үчүн 40 миллион сом бөлгөн.
Sputnik
БИШКЕК, 6-апр. — Sputnik. Кыргызстан суу каптоодон жабыр тарткан боордош казак элине гуманитардык жардам жөнөттү. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Бүгүн түндө саат 4:00дө ӨКМдин кербени күрүч, кумшекер, кесме, таттуу азыктары, кийим-кече, электр буюмдары, матрас жана чатырларды жүктөп жөнөп кетишкен.
Министрлер кабинети коңшу өлкөгө гуманитардык жардам даярдоо жана жеткирүү үчүн 40 миллион сом бөлгөн.
Казакстандагы суу каптоодон улам 16 миңдей адам (6 миңи жаш бала) эвакуацияланган. Убактылуу баш калкалоо жайларында 4 миңден ашуун киши, 200дөй бала жайгашкан.
Казакстандын аймактарында суу ташкынынан 7,7 миң адам эвакуацияланды. Видео