ИИМ бир катар РИИБ башчыларын алмаштырды. Кээ бирин ызы-чуудан кийин кетирди

Sputnik
БИШКЕК, 6-апр. — Sputnik. Ички иштер министрлиги райондук милиция бөлүмдөрүнүн башчыларын алмаштырды.
Чүйдүн Жайыл РИИБинин жетекчиси Талантбек Аттокуров ушундай эле кызмат орду менен Сокулук районуна келди.
Талас РИИБинин начальниги Майрамбек Калманбетов Аттокуровдун ордуна дайындалды.
Нурдин Чолпонкулов ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын бөлүм башчылыгынан кетип, Талас районуна барды.
Чүй облустук милициясынын жетекчисинин орун басары Искен Базаркулов Кочкор райондук милициясынын башчылыгына которулду.
Буга чейин убактылуу кармоочу жайдагы суицидден кийин Сокулук РИИБинин жетекчилиги иштен алынган. Мындан сырткары, УКМКнын спецназдары Кара-Балтада Чүй ОИИБдин Баңгизатка каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери менен Жайыл районундагы аймактык тескөөчүнү кармаган. Алар алгач карматпай качып кетип, 10 күндөн кийин тергөөгө өздөрү келишкен.
Жалал-Абад ОИИБ башчылыгынан алынган Жеңиш Абитов жаңы кызматка дайындалды