ӨКМ: жакынкы 3 саатта жана кечинде Бишкек менен Чүйдө катуу шамал болот

Sputnik
БИШКЕК, 6-апр. — Sputnik. Жакынкы 3 саатта жана кечинде Бишкек менен Чүйдө катуу шамал болот. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетиши ыктымал. ӨКМ элди көчөдөгү көрнөк-жарнак, бак-дарак, электр чубалгыларынан алыс болууга чакырды.
Чүй катуу шамалдан канча чыгым тартканы аныкталды