Бишкекте экология маселесин көтөргөн "Ак илбирс" спектакли тартууланат

Спектаклде адам баласынын ырайымсыздыгы, алардын Кызыл китепке кирген жаныбарларды жок кылып жатканы, экология, айлана-чөйрөнү коргоо маселелери көтөрүлөт.
Sputnik
БИШКЕК, 6-апр. — Sputnik. Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз драма театрында экология маселесин көтөргөн "Ак илбирс" аттуу спектакль коюлат. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги кабарлады.
Ага ылайык, жазуучу жана драматург Жаныш Кулмамбетовтун "Ак илбирс" чыгармасынын негизиндеги спектаклди Жамал Сейдакматова атындагы "Туңгуч" жаштар драма театры тартууламакчы. Ал 7-апрель саат 17:00гө белгиленген. Ушул эле спектакль 16-17-19-апрель күндөрү "Сейтек" балдар борборунда да көрсөтүлөрү кошумчаланды.
"Ак илбирс" спектаклинде адам баласынын ырайымсыздыгы, алардын Кызыл китепке кирген жаныбарларды жок кылып жатканы, экология, айлана-чөйрөнү коргоо маселелери көтөрүлөт. Ал элдин экология боюнча маалымдуулугун жана түшүнүгүн жогорулатуу, Кызыл китепке кирген жаныбарларды сактоонун маанилүүлүгүн белгилөө, ак илбирсти сактап калуу жана анын санын көбөйтүү максатында даярдалган", — деп айтылат маалыматта.
Министрлик 2023-жылдын 30-декабрында мамлекет башчы Садыр Жапаров "Ак илбирс — Кыргызстандын мамлекеттик символу" жарлыгына кол койгонун белгилеп, спектакль президенттин колдоосу менен тартууланарын кошумчалаган. Өлкөдө 330 баш ак илбирс бар экени белгиленди.
Абаны булгайт! Министрлик жалбырак өрттөбөөгө чакырды