Каралбай калган! "Ала-Тоо" аянтындагы жер төлөнүн азыркы абалы. Сүрөт

Астынан суу кирип, флагшток кулап калайын деген абалга жеткени айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 6-апр. — Sputnik. Президенттин маалымат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков "Ала-Тоо" аянтындагы флагштоктун алдындагы жер төлөнүн азыркы абалын көрсөтүп, флагшток кулайын деп калганын белгиледи.
1 / 3

Президенттин маалымат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков "Ала-Тоо" аянтындагы флагштоктун алдындагы жер төлөөнүн азыркы абалын көрсөтүп, флагшток кулайын деп калганын белгиледи

2 / 3

Анын айтымында, жер төлө 1998-жылдан бери бир дагы жолу каралган эмес.

3 / 3

Буга чейин мэрия да "Ала-Тоо" аянтындагы тууну 100 метрге чейин бийиктетүүнү көздөп жатканын кабарлаган.

Анын айтымында, жер төлө 1998-жылдан бери бир дагы жолу каралган эмес.
"Астынан суу кирип, флагшток кулап калайын деген абалга жеткен. Учурда калыбына келтирүү жумуштары башталды. Быйыл Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдыгына карата толук оңдолуп, 100 метрге бийиктетилет", — деп жазган Орунбеков.
Буга чейин мэрия да "Ала-Тоо" аянтындагы тууну 100 метрге чейин бийиктетүүнү көздөп жатканын кабарлаган.
Бишкек мэри "Аккула" ат майданынын жерине эмне түшөрүн айтты