10 миң доллар талап кылган. УКМК кызматкери №50 тергөө абагына которулду

№50 тергөө абагы Чүйдө жайгашкан. Ал жакта өзгөчө оор кылмыштарды жасоого шектелгендер кармалат.
Sputnik
БИШКЕК, 6-апр. — Sputnik. Акча талап кылууга шектелип кармалган УКМК кызматкери №50 тергөө абагына которулду. Бул тууралуу Биринчи май райондук сотунан кабарлашты.
Билдирмеге караганда, аны камоо боюнча өтүнүчтү Аскердик прокуратура берген.

"Д.А.Ж. аттуу кызматкердин баш коргоо чарасы тандалып, №50 тергөө абагына киргизилмей болду. Ал жакта УКМК кызматкери 3-июнга чейин отурат", — деген соттон.

№50 тергөө абагы Чүйдө жайгашып, өзгөчө оор кылмыштарды жасоого шектелгендер кармалат.
Эске салсак, Д.А.Ж. 10 миң доллар акча талап кылып кармалган. УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев ал Жалал-Абадда 5-6 жылдан бери ишкерден акча опузалап жүргөнүн белгилеген.
УКМК: пара талап кылды деп милициянын подполковниги жана майору кармалды