Ысык-Көл милициясы сөөк ашканада 9 күн жаткан кылмыш боюнча тактоо киргизди

Буга чейинки маалыматтарда маркум менен шектүү чогуу жашаганы айтылган.
Sputnik
БИШКЕК, 5-апр. — Sputnik. Ысык-Көл ОИИБдин маалымат кызматы аялдын сөөгү ашканада 9 күн жаткан кылмыш боюнча тактоо киргизди.
Маалыматка ылайык, райондук милицияга 35-40 жаштагы аялдын сөөгү табылганы боюнча билдирүү түшкөн. Окуя болгон жерге тергөө-ыкчам тобу барып, маркум Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылынын тургуну, 37 жаштагы Т.К. экени аныкталган.
Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси ("Адам өлтүрүү") боюнча иш козголгон. Кылмышка шектелип ошол айылдын 52 жаштагы А.Б. аттуу тургуну кармалган. Ал маркумдун айылдашы болгон. Буга чейинки маалыматтарда экөөнүн чогуу жашаганы айтылган.

"Алдын ала суракта экөөнүн ортосунда пикир келишпестиктен уруш чыгып, ал аялды балка менен башка чаап, мойнун толгоп өлтүргөнүн айткан. Кийин сөөктү ашканада тогуз күн кармап, андан соң үйүнүн жанындагы таштанды челекке таштап салган", — деп жазылат маалыматта.

Жети-Өгүз райондук сотунда анын баш коргоо чарасы каралып, эки айга камалганы кошумчаланды. Тергөө амалдары уланууда.
Кара-Сууда инисин өлтүрдү деп айыпталган 18 жаштагы кыз камакка алынды