Өлкөнүн тигүү тармагын көтөрүү үчүн кадр маселеси, тигүү системасын өзгөртүү, электрондук соодага ылайыкташуу сыяктуу маселелер ички көйгөй болуп калат. Мындан сырткары, ири үч маселе бар. Бул тууралуу Зафарбек Сулайманов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, өлкөдө жеңил өнөр жай тармагын дүйнөлүк деңгээлге чыгаруу мүмкүнчүлүгү жогору.
"Кыргыз жеңил өнөр жайынын келечеги кең. Бирок ошол кең келечекке жетүү үчүн чечип алар маселелерибиз бар. Биринчиси — сапатты көтөрүү керек. Ал үчүн ишкерлерибиз мыйзам талаасында иштеп, тигүүчүлөр менен эмгек келишиминин негизинде иш алып баруусу зарыл. Ошондо биз да Өзбекстан сыяктуу же башка өлкөлөрдөгүдөй мамлекеттен жеңилдетилген насыяларды, субсидияларды талап кылып, ар түрдүү колдоо программаларына ээ боло алабыз. Экинчи маселе — өлкөнүн тигүү тармагын дүйнөлүк карталарга киргизүү зарыл. Маркетингге көңүл буруп, таанытуу мезгили келип жетти. Анткени жеңил өнөр жайы боюнча уюшулган эл аралык иш-чараларда биздин өлкөдө да бул тармак мыкты иштээрин көптөр биле бербейт. Үчүнчү багыт — массалык өндүрүштөн же базарга товар даярдоодон четтеп, дүкөндөр менен иштешүүгө, сапаттуу өндүрүм жаратууга, бренддик товарларды тигүүгө ыкташыбыз керек", — деди Сулайманов.
Ал өлкөнүн тигүү тармагын көтөрүүдө мамлекеттик колдоодон сырткары ишкерлердин да биримдиги зарыл экенин кошумчалады.