БИШКЕК, 5-апр. — Sputnik. НАТОдо же АКШ, же Украина болушу керек. Мындай пикирин америкалык сенатор Майк Ли билдиргенин РИА Новости жазды.
Буга чейин АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Украина акыры барып альянстын мүчөсү болорун, бирок азыр анын жол-жобосун так иштеп чыгып алуу зарылдыгын айткан.
Х социалдык тармагында Блинкендин Киевдин аталган уюмга мүчөлүгү боюнча кезектеги билдирүүсүнө комментарий берген сенатор Ли "НАТОдо же АКШ, же Украина болушу мүмкүн. Бирок экөө тең эмес", — деп жазган.
Ли аны менен катар эле The American Conservative басылмасына мурдараак Украинанын альянска мүчөлүгүн сындап жазган макалаларын тиркеген.
"НАТО жаатында мамилелер боюнча бир чекти белгилегенибиз оң: ага АКШ же Украина кошулушу керек. Эгерде союздук аскерлер Украинанын аймагына кире турган болсо, анда биз НАТОдон толугу менен чыгышыбыз шарт", — деп белгилеген америкалык мыйзам чыгаруучу.
Марттын башында НАТОнун Аскер комитетинин башчысы адмирал Роб Бауэр Украинанын альянска мүчөлүгү чечилген маселе экендигин, бирок "бул качан болот жана ал үчүн эмнелер керек" деген суроонун тегерегиндеги талкуу уланып жатканын билдирген эле. 2022-жылдын сентябрынын соңунда Владимир Зеленский Украина НАТОго кирүү боюнча тездетилген шарттагы арызын берерин айткан. Анткен менен аталган уюмдун башкы катчысы Йенс Столтенберг куралдуу кармаш жүрүп жаткан мезгилде Украинанын альянска кириши мүмкүн эместигин түшүндүргөн.
РФ президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков буга чейин Кремль Зеленскийдин НАТОго кирүү өтүнүчү туурасында кабардар экендигин жана ага ар кыл реакцияларды уккандыгын билдирген. Анын айтымында, Москва кырдаалга көз салып турат, Киевдин аскердик альянска умтулганы Россиянын Украинадагы атайын операциясын баштоого себеп болгон. ТИМдин расмий өкүлү Мария Захарова Украинаны НАТОго кирүүгө сунуштабай турган кырдаал туурасында айткан. Уюм мүчөлөрүнүн арасында Украинанын батыш тараптагы аймактарына да кызыгып турган Польшанын артыкчылыгы көбүрөөк экенин, ал эми Киевдин альянска кириши Украинанын чектерин тааныгандык болуп каларын белгилеген.