УКМК: 196 млн. сомдук тарыхый-маданий объект мамлекетке кайтарылды

Республикалык маанидеги архитектуралык эстелик болуп эсептелген эки кабаттуу имарат жер тилкеси менен менчикке өтүп кеткен.
Sputnik
БИШКЕК, 5-апр. — Sputnik. Менчикке чыгып кеткен тарыхый-маданий мурас объекти жер тилкеси менен мамлекеттин балансына кайтарылды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан кабарлашты.
1 / 2

Менчикке чыгып кеткен тарыхый-маданий мурас объекти жер тилкеси менен мамлекеттин балансына кайтарылды

2 / 2

Билдирүүгө ылайык, 1992-жылы Кыргызстан профсоюздар федерациясына борбор калаанын Фрунзе — Логвиненко көчөлөрүнүн кесилишиндеги гимнастика боюнча имарат берилген

Билдирүүгө ылайык, 1992-жылы Кыргызстан профсоюздар федерациясына борбор калаанын Фрунзе — Логвиненко көчөлөрүнүн кесилишиндеги гимнастика боюнча имарат берилген.
"Кыргызстан профсоюздар федерациясынын жетекчиси Л.В.И. коррупциялык схема уюштуруп, аталган кыймылсыз мүлк федерациянын ээлигинен мыйзамсыз чыгарылып, менчиктештирилгени такталган", — деп жазылат маалыматта.
Жүргүзүлгөн комплекстүү иш-чаралардын жана өз убагында көрүлгөн чаралардын натыйжасында белгиленген 0,25 гектар жер участогу жана имарат муниципалдык менчикке өткөрүп берилди. Мүлктүн жалпы наркы 196 миллион 302 миң сомду түзөрү белгиленди.
Учурда аталган коррупциялык схемага тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүп жатканы кошумчаланды.
Араванда 307 млн. сомдук жер объектилери менен мамлекетке кайтарылды